Казакстан ачык мейкиндиктер менен жай туризмди баалагандар үчүн тренддик багыт

Казакстан ачык мейкиндиктер менен жай туризмди баалагандар үчүн тренддик багыт

Казакстан ачык мейкиндикти жана жай туризмди каалаган саякатчыларды өзүнө тартып турат. Forbes Italia өлкөнү 2025-жылдын тренд багыттарынын тизмесине кошту. Эл аралык басылма Астана менен Миландын ортосунда түз аба каттамы түзүлгөнүн белгилейт. Бул өз ара туристтерди көбүрөөк тартууга жана логистикалык байланыштарды жакшыртууга жардам берет деп айтылат. Макаланын авторлору жергиликтүү ашкананын ар түрдүүлүгүн да өзгөчө белгилешет. Буга чейин британиялык беделдүү «Lonely Planet» басылмасы Казакстанды быйылкы саякат үчүн эң мыкты багыттардын бири деп атап, CNN Travel Алматыны тартымдуу жерлердин тизмесине кошту.

Даниел Сержан уулу, «KAZAKH TOURISM» УК» АК» башкарма төрагасынын орун басары:

- Мен бул бир кокустук эмес деп эсептейм. Себеби, буга чейин Euronews өзүнүн саякатка делген тренддерин сунуштаган кезде бул жай туризмге суроо-талаптын өсүп келе жатканын баса белгилеген. Анда Euronews астотурим багыты боюнча ыңгайлуу маршрут деп көрсөткөн. Ошондуктан, Kazakh Tourism өз кезегинде, ушул туризмдин түрлөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Анын ичинде поезд менен жүргөн турлар, жакында Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда жаңы каттам түзүлдү. Башка аймактарга да ушундай жаңы каттамдар түзүлөт.

Ал эми чет элдик туристтерге Казакстандын кайсы аймактары тартымдуу? Буга Kazakh Tourism компаниясы жүргүзгөн өткөн жылдагы талдоосу жооп берет. Анда «eQonaq» маалымат системасында катталган 525 миңден ашуун колдонуучунун маалыматтары камтылган. Изилдөө көрсөткөндөй, Алматы Казакстандын чет элдик жарандары үчүн эң популярдуу шаар макамын сактап калды. Өткөн жылы мегаполис сырттан 534 миңден ашуун конокторду кабыл алган. Рейтингдин экинчи сабында борбор калаа жайгашкан. Системада катталган маалыматка караганда, 2024-жылы Астанада лидер шаарга караганда эки эсе аз конок келген. Алдыңкы үчтүктү Алматы облусу толуктап, саякатчылардын саны дээрлик 60%га өстү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков