Казакстандын экономикасына тартылган жапон инвестицияларынын көлөмү 8 миллиард доллардан ашты. Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык байланыштарды кеңейтүү үчүн олуттуу дараметти белгилешти. Бул тууралуу бүгүн Акордодо Касым-Жомарт Токаев жана Жапониянын Премьер-министринин атайын кеңешчиси Акихиса Нагашима билдирди. Казакстандын президенти өлкө чет элдик инвесторлор, анын ичинде Жапониянын алдыңкы компаниялары үчүн тартымдуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин белгиледи. Өз кезегинде Акихиса Нагашима Токио казак-жапон көп кырдуу мамилелерин мындан ары жандандырууга умтуларын ырастады. Жолугушууда жогорку деңгээлдеги саясий диалогду бекемдөөнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
Касым-Жомарт Токаев Казакстан Республикасынын президенти:
- Казакстан Жапония менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Эки өлкөнүн ортосунда достукка жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген тыгыз кызматташтык бар. «Казакстан менен Жапониянын ортосунда алыс болсо да, достугубуз бекем» деп айтабыз. Жапония Казакстандын маанилүү соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөшү болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

