Быйыл Казакстанда 8 чет элдик ЖОЖдын филиалы ачылат

Быйыл Казакстанда дүйнөгө белгилүү 8 университеттин филиалдары ачылат. Мындан тышкары, дагы 20 алдыңкы жогорку окуу жайларына Казакстанда  кампусун жайгаштыруу үчүн чакыруу жөнөтүлдү. Алар ири мегаполистерде  Алматы менен Астанада гана эмес, аймактардагы окуу жайлардын базасында да орун алууда. Негизги максат – аймактын университеттерин дүйнөдөгү эң беделдүү билим берүү мекемелери менен шайкеш келтирүү. Бул тууралуу өлкөнүн илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек билдирди. Бүгүнкү күндө Казакстандын дээрлик бардык облус борборлорунда чет элдик университеттин жок дегенде бир филиалы иштеп жатат же жакында ачылат. Мисалы, Улытау аймагында Канада менен биргелешкен техникалык университет ачылат. Бул жерде металлургия, инженерия жана экология тармагындагы адистер даярдалат.

Саясат Нурбек, Илим жана жогорку билим берүү министри:

– Ар бир чет элдик университет менен келишим түзгөнбүз. Алардын ичинен биздин негизги максатыбыз – жергиликтүү аймактык университетти трансформациялоо. Ал бир нече шарттарды жана максаттарды камтыйт. Биринчиси, албетте, кадрларды даярдоо. Академиялык изилдөө стандарттары жана этикасы. Мунун баарын акырындык менен жергиликтүү ЖОЖдордо түптөшүбүз керек.

Мекеме башчысынын сөзүнө далил катары Актөбөдөгү Жубанов атындагы университеттин курамында ачылган 200 жылдык тарыхы бар Хериотт-Уотт университетинин филиалын айтсак болот. Бир жыл мурун келишимдин түзүлүшү менен стандарттарды теңдештирип, шайкеш келтирүү иштери башталган. Учурда Жубанов университетинин 16 окутуучусу Шотландияда квалификациясын жогорулатууда. Эдинбург окуу жайы өткөн жылы 300 студентти кабыл алган. Бүгүнкү күндө алар 2-курска кадам таштады.

Марк Бигс, HERIOT-WATT UNIVERSITY провосту:

– Биздин кызматкерлер университеттин кампусунда жаңы башкаруу системасын түзүп, окутуучуларды англис тили, физика, химия жана башка тармактарда сабак берүүгө чакырууга тийиш. Бул тенденция кийинки жылы тездейт. Биз экинчи курска өтүп жатабыз. Бул арада кампус кызметкерлери Жубанов университетинин окутуучулар курамына жардамдашуусун камсыз кылабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков