Дүйнөнүн
келечегин талкуулап, божомолдоодо Казакстандын
борборуна дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүнөн бир жарым миңдей делегат келди. Алар илимпоздор, футурологдор,
экономисттер, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, ошондой эле заманбап
инновациялар менен технологиялар
чөйрөсүндөгү лидерлер, дүйнөлүк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү. Алар
кызматташуусу үчүн Connected
–2024 Эл
аралык конференциясына чогулду. Эки
күн бою талдоочулар дүйнөдөгү ынтымакты табуу жолдору, ошондой эле заманбап
чакырыктарды талдоо боюнча өз көз караштарын билдиришет.
Питер
Франкопан, Оксфор университетинин профессору, Улуу Британия:
- Артка
кылчайып карасак, жаңы технологиялар жаңы иерархияларды жана жаңы байлыктарды
жаратат. Соода жолу кээ бир адамдар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн, ал эми
башкалар үчүн жакшы эмес, ошондуктан өткөн жөнүндө көп нерсени билүүгө болот
жана менин «Жибек Жолу» китебим ушул тармактар жөнүндө баяндайт. Биз
жаңы эле жасалма интеллект жана анын дүйнөбүздү жакшы жакка өзгөртө тургандыгы
жөнүндө, ошондой эле аны коопсуз кылууну ойлонушубуз керектиги жөнүндө сүйлөшүп,
эң кызыктуу спикерлерди, эң кызыктуу ойчулдарды угууга мүмкүнчүлүк алдык.
Конференциянын
башкы темаларынын бири-билим берүү кызматташтыгы аркылуу адам капиталын
өнүктүрүү. Мисалы, Казакстанда дүйнөнүн алдыңкы 23 жогорку окуу жайы иштей
баштады, кош диплом программалары да өнүгүүдө. Мындай келишимдер Алкей Маргулан
атындагы Павлодар педагогикалык университети
менен Түркиянын Токат Газиосманпаша университети менен, ошондой эле Коркыт Ата атындагы Кызылорда университети менен Москванын авиация
институту бар. Акыркы кызматташуу кесипкөй кадрларды даярдоого, ошондой эле
жасалма интеллект жана космостук технологиялар чөйрөсүндө биргелешкен илимий
изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Дмитрий
Козорез, Москва авиациялык институтунун проректору:
- Бүтүрүүчүнүн
Кызылорда жогорку окуу жайынан жана Москва авиациялык институтунан диплому
болот. Айти тармагында да, айыл чарба тармагында да, өнөр жай өндүрүшүндө да
иштей алат. Дээрлик бардык жерде иштей ала турган ушундай күчтүү кадр болот.
Албетте, алар тажрыйбадан өтө алышат, алар биздин лабораториялык базага
Москвага 3-курска кетишет, кайра кайтып келишет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков