Астана кайрадан жаш таланттардын жана инновациялык идеялардын чордонуна
айланды. Казакстандын борборунда Борбордук Азиядагы эң ири Alem Tech Fest 2026
фестивалы өтүп жатат. Эң масштабдуу иш-чарага - Казакстан, Кыргызстан,
Өзбекстан, Түркмөнстан, Эстония, Вьетнам жана Гонконгдон 5 миңден ашуун окуучу
чогулду. Техно-форумдун катышуучулары үч күндүн ичинде жасалма интеллект,
дрондор жана робототехника жаатындагы өздөрүнүн иштеп чыгууларын көрсөтүшөт.
Асылбек Мурзахметов, Alem Tech Fest фестивалынын уюштуруучусу:
- Биз мындай чемпионатты 6-жолу өткөрүп жатабыз. Командалар аяк оона
айынан үчтүн айына чейин тандалды, 88 тандоо чемпионаты уюштурулду. Алардын эң
мыктылары, эң күчтүүлөрү дүйнөлүк, эң ири чемпионаттарга жолдомо алуу үчүн бул
жерге келишти. Эң ири чемпионат чын куран айында Хьюстондо өтөт. Ал жакка эң
күчтүү 25 команданы тандап алабыз. Бул жылы тематика археологияга байланыштуу
жана бардык командалар археологиянын көйгөйлөрүн чечишет.
Алматылык команданын пикиринде, артефакттарды түрдүү куралдар менен
тазалоо тарыхый баалуулуктардын бузулушуна алып келет. Эми робот-конвейердин
жардамы менен материалдарды сактоо оңой болот. Жаш ойлоп табуучулардын
айтымында, жасалма интеллектке негизделген автоматташтырылган система лентадагы
буюмдарды сканерлеп, булганычтарды тааныйт жана аларды иштетүү үчүн жылдырат.
Инновациялык иштеп чыгууларга эмитен эле кызыгуу пайда болду. Ал эми Казакстан аны
Борбордук Азияда биринчилерден болуп колдоно баштайт.
Екатерина Леонтьева, команданын катышуучусу:
- Ал 4 модулдан турат, аларды алмаштырууга, алып салууга же
бириктирүүгө болот. Биринчи модулу – экспонатты талдоо, жасалма интеллекттүү
камера жана ар кандай сенсорлор экспонатты сканерлеп, анын өлчөмдөрүн,
тыгыздыгын жана морттугун аныктайт. Андан кийин тазалоо башталат. Биз
долбоорубузду тааныштырып жатып көптөгөн окумуштуулар жана археологдор менен
кеңештик. Биз Улуттук университетте болгонубузда, 20 жылдык талаа иштери
тажрыйбасы бар археологдорго, Гарварддан келген изилдөөчүлөргө көрсөттүк. Алар
биздин долбоор экспонатты тазалоого кеткен убакытты кыскартууга жардам берерин
жана сапатын жоготпостон ошол эле мөөнөттө көбүрөөк аймактарды изилдөөгө
мүмкүндүк берерин тастыкташты. Биз долбоорубузду жайында иш жүзүндө сынап
көрүүгө макулдаштык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

