Казакстанда билим берүүгө жасалма интеллектти киргизүү долбоору ишке ашырылууда

Казакстанда билим берүүгө жасалма интеллектти киргизүү долбоору ишке ашырылууда

Казакстандын билим берүү системасына жасалма интеллект киргизүү активдүү түрдө кеңейтилип жатат. Муну сандар да тастыктайт. Маселен, өлкөнүн Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, 165 миңден ашуун педагог OpenAI компаниясынан ChatGPT Eduга акысыз бир жылдык мүмкүнчүлүк алышат. Кызмат мугалимдерге сабак пландарын бир нече мүнөттө түзүү, тесттерди жана тапшырмаларды иштеп чыгуу, ошондой эле казак, орус жана англис тилдериндеги материалдарды окуучулардын деңгээлине ылайыкташтыруу сыяктуу күнүмдүк тапшырмаларды автоматташтырууга жардам берет. Мүмкүнчүлүктөн тышкары, билим берүү тармагынын кызматкерлерин окутуу да жүргүзүлүүдө. Жалпысынан долбоор билим берүү тармагынын 200 миңге чейинки кызматкерин камтыйт. Ошол эле учурда педагогдордун өздөрүнүн санариптик сабаттуулугу өсүүдө. Мисалы, жасалма интеллект менен иштөө боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан 250 миңден ашуун мугалим өттү, ал эми билимдин орточо өсүү көрсөткүчү, тиешелүү мекеме белгилегендей, 28%ды түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков