Шымкенттик мода дизайнерлери улуттук кийимдерде каада-салттар менен тренддерди айкалыштырат

Шымкенттик мода дизайнерлери улуттук кийимдерде каада-салттар менен тренддерди айкалыштырат

Шымкенттин дизайнерлери өз коллекцияларында салттуу элементтер менен жаңы мода тренддеринин заманбап казак улуттук кийимдери менен айкалышын сунуштады. Алар айымдарга кыш жана жаз мезгилдеринде күнүмдүк баш кийимди элечек жана шөкүлөгө алмаштырууга кеңеш берет. Ошондой эле, кийим үлгүлөрүн улуттук стилде кооздоонун маанилүүлүгү баса белгиленет. Өлкөнүн үчүнчү мегаполисинин саркечтери уникалдуу челлендж баштап, казакстандыктарды, ошондой эле улуттук маданияттын күйөрмандарын акыркы тенденцияларга көңүл бурууга чакырат.


Фатима Мейирбекова, дизайнер:


- Жаңыча бир кийим ойлоп таптык. 9 кийимден турат. Түстөрүн байкасаңыздар, алар бири-бирине шайкеш келет. Бул жаздын гүлдөрү, асман, суу, бул түстөрдүн баары коллекцияда көрсөтүлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков