Мажилис Түркестан шаарына өзгөчө макам берген мыйзамды кабыл алды

Мажилис Түркестан шаарына өзгөчө макам берген мыйзамды кабыл алды

Түркестан шаарынын археологиялык эстеликтеринин резерваты түзүлөт. Бүгүн Мажилис ыйык шаарга өзгөчө макам берген мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Башкача айтканда, документ өлкөнүн тарыхый-маданий борбору катары Түркестандын уникалдуулугун сактоо жана калыптанышы үчүн негиз катары кызмат кылган укуктук шарттарды камтыйт. Муну менен ыйык жерде жайгашкан байыркы эстеликтер жаңыланат. Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Кожа Ахмед Ясауинин күмбөзүнүн жанында бийиктиги жети метрден ашкан, ага тиешеси жок объекттерди курууга жол берилбейт. Чеберлердин чыгымдарын бюджеттен жарым-жартылай кайтарып берүү каралган. Мындан тышкары, аймакта туристтик объектилерди куруп жаткан ишкерлердин чыгымдарынын бир бөлүгү казынанын эсебинен жабылат. Зыяратчылар менен саякатчылар агымынын көбөйүшү көңүл чордонунда. Мында инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылат. Жергиликтүү адистерди туристтик иш-чараларга окутуу көздөлүп жатат.

Нурлан Байбазаров, Улуттук экономика миинстри:

- Мыйзам долбоорун иштеп чыгууга Түркестан түрк мамлекеттеринин уюмун жана түрк дүйнөсүнүн руханий борборун таануусу, шаардын тарыхый көрүнүшүн жана анын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо зарылдыгы негиз болду. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун жүрүшүндө Англиянын, Италиянын, Өзбекстандын, Азербайжандын жана башка мамлекеттердин тарыхый эстеликтерин сактоо тажрыйбасы изилденди. Ошондой эле мыйзам долбоорун даярдоонун жүрүшүндө министрликтин өкүлдөрү Түркестан шаарынын калкы менен жолугушууларды уюштурушту жана шаар тургундары менен кеңешип, негизги ченемдерди даярдашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков