Н.Тлендиевдин 100 жылдыгына карата ЮНЕСКОдо эл аралык музыкалык аспаптардын көргөзмөсү ачылды

Н.Тлендиевдин 100 жылдыгына карата ЮНЕСКОдо эл аралык музыкалык аспаптардын көргөзмөсү ачылды

Парижде белгилүү композитор Нургиса Тлендиевдин 100 жылдыгына карата ЮНЕСКОнун штаб-кеңсесинде көргөзмө ачылды. Белгилей кетсек, казак музыкалык искусствосунун мааракеси эл аралык уюмдун эскерүү күндөрүнүн тизмесине киргизилген. Көргөзмөдө Алматы музейлер бирикмесинин фонддорунан 60тан ашык экспонаттар коюлган. Алардын арасында сейрек кол жазмалар, жазуучунун жеке буюмдары жана нота жазмалары бар. Композитор Ахмет Жубанов тартуулаган айтылуу «Дарига домбра» тартууланды. Беш бөлүктөн турган көргөзмө Нургиса Тлендиевдин өмүр жолун баяндайт. Өзүнчө блокто казак жана түрк элдеринин музыкалык аспаптары коюлган. Долбоор өлкөнүн бай маданий мурасын эл аралык аренада жайылтууга багытталган.

Актоты Райымкулова, Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти:

- Бул кишинин өнөрү биздин заманбап композитордук мектепке да, аткаруу мектебине да чоң таасирин тийгизди. Бүгүнкү күндө Нургиса агабыз болбогондо биздин музыкабыз башкача болмок. Азыр бул композициялар жана оркестрдик чыгармалар дүйнө жүзүн өзүнүн керемет обондору менен арбап, суктандырууда. Албетте, бул казак музыкасынын сыймыгы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков