«Бозок» музей-фондуна туристтердин кызыгуучулугу артууда

«Бозок» музей-фондуна туристтердин кызыгуучулугу артууда

«Бозок» ачык асман алдындагы мамлекеттик корук музейи дүйнө жүзүнүн туристтеринин кызыгуусун жараткан жайга айланат. Белгилей кетүүчү нерсе, ал борбор калаанын жанындагы орто кылымдагы шаардын айланасында курулуп жатат. Өткөн жылы Бозок шаарына 150 миңден ашуун адам барган. Экскурсиялардын көпчүлүгү онлайн режиминде өттү. Мындан тышкары, ал атайын сабактарды, лекцияларды жана интерактивдүү окууларды өткөрөт. Бардык иш-чаралар Казакстандын тарыхый-маданий мурастарын жайылтууга багытталган. 2019-жылдан 2024-жылга чейин музейге жарым миллиондон ашык адам келген.


Алишер Беспалинов, «Бозок» музей фонду мүдүрүнүн орун басары:


- Биз Бузыкты көлүн жашылдандыруу жумуштарын карап жатабыз. Учурда бул жер - жылдын канаттуулары жашаган тарыхый мекен. Мында ак куулар, шумкарлар, бирказандар, каркыралар, чардактар жашайт. Мындан тышкары, бул жерде реликти өсүмдүктөрү өсөт. Биз мунун баарын бирдиктүү комплекс катары байыркы Бозок шаары менен бирге сакташыбыз керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков