Алматыда домбра күнүнө карата көргөзмө ачылды

Алматыда домбра күнүнө карата көргөзмө ачылды

Улуттук аспаптар күнүнө арналган «Күмбүрлө, коңур домбра» көргөзмөсү Борбордук мамлекеттик музейде ачылды. Бул жерде көрүнүктүү маданият, илим жана искусство ишмерлерине таандык раритет буюмдар коюлган. Мисалы, Жаяу Муса, Ахмет Жубанов, Күляш Байсейитова, Каныш Сатпаев жана башкалар. Фонд дагы бир сейрек кездешүүчү экспонат менен толукталды. Казакстандын эл артисти Секен Турысбек коллекцияга өзүнүн домбрасын тапшырды. Ал музыкантка 30 жыл кызмат кылган. Белгилей кетсек, музейде жалпысынан 60тан ашык домбра сакталууда, ар биринин өз тагдыры бар. Көргөзмөгө келгендер артефакттарды көрүп гана тим болбостон, жандуу музыканы да угушту. 

Секен Турысбек, Казакстандын Эл артисти, күүчү: 

- Домбра – бул жан дүйнө. Анын үнү кылымдар бою жаңырышы керек. – Мен дагы менин домбрам келечек муундарга сакталып калышын каалайм. Ал башка улуу аспаптардын арасында музейде жашай берсин. 

Которгон: Назира Бегалиева