Теке айынын 5де Казакстанда Улуттук домбра күнү белгиленет

Теке айынын 5де Казакстанда  Улуттук домбра күнү белгиленет

Теке айынын 5де Казакстанда улуттук домбра күнү белгиленет. Улуттук маданияттын жана руханий мурастын башкы символдорунун бирине арналган майрам 2018-жылы негизделген. Жыл сайын ал теке айынын биринчи жекшембисине туш келет. Бул күнгө чейин өлкө боюнча концерттер, майрамдык иш-чаралар жана ар кандай оюн-зооктор өткөрүлөт. Майрамдын максаты — Улуу Талаанын уникалдуу музыкалык мурасын сактоо жана жайылтуу. Бул күндүн маанилүүлүгүн буга чейин президент Касым-Жомарт Токаев баса белгилеген. Парламенттин палаталарынын биргелешкен жыйынында сүйлөп жатып, ал домбра улуттук ыйык баалуулук катары дүйнөлүк аренада Казакстандын уникалдуу бренди болушу керектигин билдирген.


Борбор шаар күнүнө карата кеңири масштабдагы майрамдык программа даярдалды


Ал эми теке айынын 6да казакстандыктар борбор шаар күнүн белгилешет. Өлкөнүн башкы шаарына 28 жыл толот. Астана быйыл мегаполистин тургундарын жана конокторун уникалдуу майрамдык программасы менен таң калдырууга даяр. Ал 200дөн ашык иш-чараны камтыйт. Шаарда 10 күн бою концерттер, фестивалдар, театрдык оюн-зооктор, спорттук турнирлер жана экологиялык акциялар өткөрүлөт. Салтанаттар казакстандык эстрада жылдыздарынын катышуусундагы масштабдуу ачык асман алдындагы кечелер менен жыйынтыкталат. Маданий программадан тышкары, борбордо жаңы коомдук жайлар жана шаардык инфраструктура объектилери ачылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков