Өзбекстанда эл аралык кол өнөрчүлүк фестивали өттү

Өзбекстанда эл аралык кол өнөрчүлүк фестивали өттү

Өзбекстанда элдик-колдонмо искусствонун III эл аралык фестивалына дүйнөнүн 70тен ашык мамлекетинен 300гө жакын чебер чогулду. Программанын алкагында сүрөтчү-кол өнөрчүлөрдүн жарманкелери жана көргөзмөлөрү болуп өттү. Мындан тышкары, атайын конференцияларда чеберлер кесиптик тажрыйбалары менен бөлүшө алышты. Иш-чаранын алкагында II Эл аралык карапа иши форуму өттү. Ал Борбордук Азиядагы эң ири глазурь карапасын өндүрүү борборунда - республиканын Риштан районунда уюштурулган. Бул жерде Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Беларусь, Татарстан, Молдова, Грузия, Түркмөнстан, Кыргызстан, Ирандан келген карапачылар өз өнүмдөрүн тартуулашты. Форумдун жыйынтыгында соода жана туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча документтерге кол коюлду.

Омар Тахат, Кумурачы /Иордания/:

- Мындай көргөзмө ар кайсы өлкөлөрдөн келген карапа чеберлеринин тажрыйба алмашуусу үчүн жакшы. Бул жерде маданий гана эмес, ишкердик байланыштар да түзүлөт. Балким, келечекте мен өзбек чеберлери менен келишим түзө алам, анткени алардын карапасы - бул өзгөчө искусство түрү.

Снежана Хайрулина, Фестивалдин катышуучусу /Орусия/:

- Мурунку фестивалда болгом, абдан кызыктуу болгон. Бул жерде көптөгөн кызыктуу сүрөтчүлөр бар. Сиздердин тарыхыңыздар, жериңиздер салттарга бай жана муну менен таанышып, үйрөнгүм келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков