Шымкентте коронавирус илдетинен жапа чеккен 26 миңден ашуун ишкердик субъектиси мүлк жана киреше салыгынан бошотулган. Бул тууралуу Шымкент шаарынын акими Мурат Айтенов Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде билдирди. «Мамлекет башчысынын Кайрылуусунун алкагындагы аймакты өнүктүрүү жөнүндө» докладында шаар акими пандемия учурунда Президенттин чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча тапшырмалары толугу менен жүзөгө ашырылганын айтты.
МУРАТ АЙТЕНОВ, ШЫМКЕНТ ШААРЫНЫН АКИМИ:
- Ишкерлердин каржылык абалын калыбына келтирүү максатында 1482 субъектинин 13 миллиард теңге насыя төлөмдөрүн кийинкиге жылдыруу аркылуу колдоо көрсөтүлдү. Бүгүнкү күндө шаарда 72 миңден ашуун кичи жана орто бизнес субъектилери бар. Анда 160 миңден ашуун адам жумуш менен камсыздалган. Шаар боюнча жалпысынан региондук өнүмдөгү чакан жана орто бизнестин үлүшү 28% түзөт.
Шымкент шаарынын жалпы бюджети былтыркы жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге көбөйүп, 455,4 миллиард теңгени түздү. Шаар акиминин айтымында, пандемияга байланыштуу мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасы, маданий жана спорттук, башка да артыкчылыктуу эмес чыгымдардын эсебинен 9,5 миллиард теңге оптималдаштырылып, кыскартылган каржы саламаттык сактоо, шаардын дезинфекциясы, билим тармагында онлайн режимге байланыштуу чыгашаларга багытталган.