1 миллиард доллар. Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев менен Сердар Бердымухамедов Казакстан менен Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүүдөгү дал ушул көрсөткүчкө жетүүнү пландап жатышат. Тараптар өткөн апта соңунда Астанада бир эле убакта соода, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда кызматташуу боюнча 14 документке кол коюшту. Казакстандын президенти белгилегендей, биздин өлкө Түркмөнстанга 80 товардык позиция боюнча экспортту көбөйтүүгө даяр. Өз кезегинде Түркмөнстандын лидери Ашхабад менен Астана ири энергетикалык долбоорлорду, анын ичинде Түркмөнстан-Кытай газ куурун ишке ашырууну улантарын баса белгиледи. Тараптар ошондой эле Орусиядан Инди океанына чейин Каспий жээги менен өткөн Түндүк-Түштүк темир жол коридорунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөшүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков