Казакстанда бизнести мамлекеттик көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы ишке кошулат

Казакстанда бизнести мамлекеттик көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы ишке кошулат

Бул үчүн “Smart Data Ukimet” платформасы колдонууга даяр экенин өкмөттүк кеңешме билдирди. Учурда ал иш бекитүүдөн өтүп жатат. Өткөн жылы өлкөдө бизнести мамлекеттик көзөмөлдөөнүн 35 багытын автоматташтыруу аяктап, азыркы тапта ошончо багыт боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө. Бүгүн ата мекендик ишкердикти “таза барактан” жөнгө салуунун 44 багытына талдоо жасалды. Натыйжада, жаңы жөнгө салуу саясатынын шарттарына жооп бербеген 10 миңден ашык дооматтар аныкталды. Учурда ишкерлер үчүн негизсиз талаптарды жоюуга багытталган мыйзам актыларына 380 түзөтүүлөрдүн бирдиктүү пулу түзүлдү. Жакынкы арада аларды Парламентте бизнес жүргүзүү маселелери боюнча мыйзам долбооруна киргизүү мерчемделген. Мындан тышкары, мамлекеттик органдар мыйзам актыларына ылайык талаптарды жокко чыгарууну жана кайра карап чыгууну ишке ашырат. Премьер-министр белгилегендей, тиешелүү министрликтер кулжа айынын 30на чейин тармактык тобокелдиктерди башкаруу системасын кабыл алууну камсыз кылышы керек. Ошондой эле, Алихан Смаилов Өкмөттүн Аппараты мамлекеттик саясий кызматкерлерди дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү сунуштарды киргизүүнү жана жеке бизнес ээлеринин жүгүн бир топ жеңилдеткен бизнес үчүн отчеттуулукту кыскартуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков