Тышкы рынокто буурчак өсүмдүктөрү суроо-талапка ээ. Маселен, өлкө Түркияга жасмыкты жөнөтүүгө даяр. Жалпысынан 15 миң тонна өнүмдү экспорттоо боюнча келишим түзүлдү. Буурчак өнүмүнүн алгачкы партиясы атайын идиштерге салынып, жөнөтүүгө даярдалып коюлган. Адистердин айтымында, Казакстанда буурчакты өндүрүү жана сатуу дарамети кыйла жогору. Мына ушуга байланыштуу айрым чарбалар аталган өсүмдүктөрдү өстүрүүнү колго алышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков