Казакстан аймактык адал өнүмдөрү боюнча аймактык хабка айланат. Ата мекендик лабораториялардын бири Бириккен Араб Эмираттарынын эл аралык борборунан мындай өнүмдөрдү сертификациялоого уруксат берген аккредитация боюнча расмий документ алды. Мындан ары Азия, Евразия экономикалык биримдиги жана КМШ өлкөлөрүнүн ишкерлери бул платформа аркылуу өз өнүмдөрүн адал стандарттарына шайкештигин баалоо үчүн аталган аянтчаны пайдалана алышат. Аны Перс булуңунун бардык өлкөлөрү тааныйт. Башкача айтканда, документ рынокко чыгууга жол ачат. Бул тууралуу соода жана интеграция министри Бакыт Султанов Facebook баракчасына жазды. Ал белгилегендей, Казстандарт Евразия экономикалык биримдигинде жана Борбор Азияда эл аралык стандарттарга аккредитацияланган жалгыз лаборатория болуп саналат. Ошондой эле башка аймактарга, анын ичинде Түркия жана Иранга экспорттолуучу казакстандык өнүмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, 2025-жылга чейин Казакстан чийки зат эмес экспорт көлөмүн 41 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков