2023-жылы Казакстан экономикасына 24 миллиард доллар түз чет элдик инвестиция тартуу көздөлгөн

2023-жылы Казакстан экономикасына 24 миллиард доллар түз чет элдик инвестиция тартуу көздөлгөн

Быйыл Казакстанда темир куюучу ири завод ишке кирет. Аталган өнүмдүн бул түрүн жогорку тактык менен чыгарган дүйнөдөгү экинчи өндүрүш объекти болот. Башкача айтканда, бул чоюн кошумча иштетүүнү талап кылбайт. Ошондой эле өлкөдө экспортко багытталган экологиялык таза ферро эритме чыгаруучу жаңы завод ишке киргизилет. Завод жылына 240 миң тонна өнүм чыгара алат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу тармактын адистери атайын брифинг учурунда билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл ишке ашырылган 281 инвестициялык долбоор жактырылган. Алардын жалпы баасы 2 триллион теңгени түзөт. Мындан тышкары, өлкөдө бирдиктүү инвестициялык аянтча түзүү колго алынды. Бул инвестиция тартуудан баштап аны ишке ашыруу баскычына чейинки бүт жараянды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген система болуп саналат.

Ардак Зебешев, ТИМнин инвестиция комитетинин төрагасы:

Бул иштин биринчи этабы ушул жылдын аягына чейин жүзөгө ашырылат. Экинчи фазасы ушул жылдын ортосуна чейин. Ошондой эле, мамлекет башчысынын 7 жылдын ичинде өлкөгө кеминде 150 миллиард АКШ долларын тартуу милдети коюлган. Бул тапшырманын алкагында быйылкы жылдын аягына чейин өлкөгө 24 миллиард доллар алып келүүнү көздөп жатабыз. Мындан тышкары жыл аягына чейин кеминде 4 инвестициялык келишим жасалышы керек болсо, анын экөөсү түзүлгөн. Ал эми инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча кеминде 3 келишимге кол коюу же ратификациялоо жана ушул жылдын аягына чейин чет элдик инвестициялардын катышуусу менен 40тан кем эмес долбоорду ишке киргизүү пландаштырылууда.

Буга байланыштуу Казакстан инвестициянын өсүшү боюнча деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн ичинен лидер экенин белгилей кетүү керек. Ошондой эле пост советтик территорияда жана Борбор Азия чөлкөмүндө алдыңкы орунду ээлейт. Маселен, былтыр өлкөгө келген түз чет элдик инвестициялардын жалпы агымы 28 миллиард доллардан ашкан. Бул акыркы 10 жылдагы рекорддук көрсөткүч. Быйылкы жылдын биринчи кварталында гана 7,6 миллиард доллар инвестиция тартылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10%га көп.

Которгон: Илгиз Жамалбеков