Шымкентте IT Hub ачылды

Шымкентте IT Hub ачылды

Технологиялык ишкердүүлүктү жайылтуу, стартап маданиятын калыптандыруу, IT-тармактарын жана санариптик билим берүүнү өнүктүрүү. Мунун баары менен  ачылып жаткан аймактык  Shymkent Hub технопаркы алектенет. Жергиликтүү иштеп чыгуучулар жана адистер бул жерде өз долбоорлорун ишке ашырууга ниеттенишүүдө. Бул үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул жаштар өздөрүнүн дрондорун чыгарышат, ал эми булар - казак тилинин эрежелери, жол кыймылы, тарыхый маалыматтар, физикалык процесстер сыяктуу пайдалуу маалыматтар камтыган тиркеме. Жаңы көрүнүштө ар бир иштеп чыгуучуга эксперттер жардам беришет. Мисалы, учурда видеобайкоо системасынын жаңы модификациясын түзүү пландаштырылууда. Ал эми полиция кызматкерлерине нано-камералар жардам берет. Ал тартип бузуучуларды жана башкаларды талдай алат.

Жаслан Мадиев, Казакстандын  Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмостук өнөр жай министри:

– Жалпысынан, шаарларда камералардын саны көбөйөрүн көрөсүздөр. Ошондой эле алгоритмдер кошумчаланып, ар кандай Use Case чече тургандыгын көрө аласыз.

Мындан тышкары, бул борбор Astana Hub билим берүү жана инкубациялык программаларды ишке ашыруу үчүн аянтча болот. Бул жерде активдүү IT- коомчулукту түзүү үчүн жолугушууларды жана тренингдерди үзгүлтүксүз өткөрүп туруу ниетинде.

Которгон: Илгиз Жамалбеков