Казакстанда «жашыл» долбоорлорго инвестиция тартуу иши күч алды

Казакстанда «жашыл» долбоорлорго инвестиция тартуу иши күч алды

Өлкөдө «жашыл» технологияларга инвестиция тартуу иштери жигердүү жүргүзүлүүдө. Казакстандын фонд биржасында бул багыттагы корпоративдик карыз алуу көлөмү акыркы 2 жылда 4 эседен ашык өстү. Үстүбүздөгү жылдын жетинин айынын 1де анын суммасы болжол менен 208 миллиард теңгени түздү. Ал эми банк секторундагы «жашыл» насыялоо көлөмү 3,5 эседен ашык өстү. Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин маалыматы боюнча, өлкөдө «жашыл» каржылоону өнүктүрүү максатында зарыл мыйзамдык жана ченемдик-укуктук база түзүлгөн. Жаңы Экологиялык кодекс кабыл алынып, «жашыл» облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүүгө киргизүү үчүн өзгөртүүлөр киргизилди. «Астана» Эл аралык каржы борбору менен KASE биржаларында ESG маалыматын ачуу эрежелери бекитилди. Серепчилердин айтымында, өлкөгө 2060-жылга чейин көмүртек бейтараптуулугуна жетүү үчүн өлкөгө 600 миллиард доллар керек. Премьер-министр «жашыл экономикага» өтүү боюнча кеңештин жыйынында бул багыттагы иштерди күчөтүүгө байланыштуу конкреттүү тапшырмаларды берди.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков