Аяк оона айынын үчүнчү декадасында массалык түшүм жыйноо өнөктүгү башталды

Аяк оона айынын үчүнчү декадасында массалык түшүм жыйноо өнөктүгү башталды

Казакстанда массалык түшүм жыйноо башталат. Өкмөттө оруп -жыйууга даярдык маселелери иштелип чыкты. Өлкө башчынын тапшырмасы менен быйыл жазгы талаа иштерине жана түшүм жыйноого 580 миллиард теңге өлчөмүндө рекорддук каражат бөлүнгөн. Айыл чарба техникасын лизингге алууга багытталган сумма 5 эсеге көбөйтүлдү. Тармактык ведомствонун маалыматы боюнча, кызуу мезгил үчүн керектүү техника актуалдуу. Жалпысынан оруп-жыйуу иштерине 150 миңге жакын трактор, 38 миң эгин жыйноочу комбайн жана 14 миң орокчу тартылат. Күзгү талаа иштерин жүргүзүүгө дыйкандарга 64 миң тоннадан ашык жеңилдетилген дизель майы жөнөтүлдү. Премьер-Министр жалпы жыйноо өнөктүгүн өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошол эле учурда, ата мекендик продукцияны сатуу рыногун эстен чыгарбоо керек. Муну менен Кытайдан, Жакынкы Чыгыштан, Африкадан жана башка өлкөлөрдөн өнөктөштөр менен дан экспорту активдештирилет. Белгилей кетсек, быйыл Казакстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты 23 млн гектардан ашат. Анын 17 млн гектарга жакынын дан эгиндери түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков