Казакстанда туризм тармагын санариптештирүү жигердүү жүрүүдө

Казакстанда туризм тармагын санариптештирүү жигердүү жүрүүдө

Өткөн жылы Маңгыстау аймагына келген 71 миңден ашуун чет элдик турист «e-Qonaq» системасы аркылуу кызмат алган. Бул жерде облуста 100дөн ашык жайгаштыруу объектилери катталган. Региондун туристтик дараметин жогорулатуу максатында «visit.mangystau.kz» сайты иштей баштады. Анда экскурсия жана саякатчылар үчүн зарыл болгон бардык маалыматтар камтылган. Бул жылы сайтты 2ГИС санариптик жардам карта менен бириктирүү пландаштырылып жатат. Аймактын 100дөн ашык тарыхый-маданий объектилери туристтерди электрондук багыттоо системасына киргизилген. Ошондой эле үч тилде «Маңгыстаудагы ыйык жерлер» интерактивдүү картасы үч тилде жасалды. Мунун баары аймакка туристтердин агымын көбөйтүүгө чоң түрткү берди.

Ерсин Ибрашев, Маңгыстау облусттук туризм башкармасынын жетекчиси:

- Расмий статистикалык маалыматтар боюнча алгылыктуу динамика байкалат. Былтыркы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу туристтердин агымы 18% көбөйгөн. Ал эми акыркы 4 жылдагы орточо жылдык өсүш болжол менен 30%ды түздү. Региондо бул багытта иштер жүрүп жатат. Санариптештирүүнүн алкагында өзгөчө көңүл «e-Qonaq» системасын жакшыртууга бурулууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков