Казакстанда былтыр
жалпы суммасы 4,6 трлн теңге болгон автоунаа кураштырылды. Өндүрүш көлөмү 10%
га өстү. Ушул жылдын биринчи чейрегинде эле көрсөткүч 17% дан ашты. Жалпысынан
акыркы беш жылда унаа жасоо тармагынын өндүрүш
тармагындагы үлүшү 13% дан 19% га чейин өстү. Казакстандын Унаа жасоочулар
форумунда премьер-министр тармактын жетишкендиктери менен бөлүшүп, президенттин
куттуктоо сөзүн окуду. Анда мамлекет башчысы унаа жасоо тармагы экономиканын
өнүгүшүнө жаңы дем берүү үчүн өзүнүн дараметин толук кандуу ишке ашыра аларына
ишенимин билдирди.
Олжас Бектенов,
Казакстандын Премьер-министри:
- Унаа жасоо ишин андан
ары өнүктүрүү үчүн жергиликтүү өндүрүштүн үлүшүн көбөйтүү жана алдыңкы
технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти массалык түрдө киргизүү зарыл.
Ошондой эле кызматкерлерди ыңгайлуу жана коопсуз эмгек шарттары менен камсыз
кылуу, квалификациялуу адистерди даярдоого жана алардын тажрыйбасын жогорулатууга
өзгөчө көңүл буруу зарыл. Экономикалык туруксуздуктун шартында келечектүү
тармактарды жана багыттарды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.
Ошондой эле Өкмөт
башчы унаа жасоо жана металл иштетүү боюнча VI эл аралык атайын көргөзмөдөгү индустрия
лидерлеринин жетишкендиктери менен таанышты. Анда атамекендик жана чет элдик
20дан ашык өлкөнүн компаниялары өз иштеп
чыгууларын сунушташты. Эл аралык катышуучулардын арасында Германия, Түштүк
Корея, Кытай, Швейцария, Орусия, Италия, Чехия жана башка өлкөлөрдүн ири
ишканалары бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

