Инвестицияларды тартуу, фонд жана көмүртек рыногун өнүктүрүү. Казакстандын президенти Астана эл аралык каржы борборунун башкаруу кеңешинин жыйынында бир катар милдеттерди койду. Касым-Жомарт Токаев дүйнөлүк капитал рыногундагы тез өзгөрүүлөрдү, жаңы эл аралык соода-экономикалык байланыштардын калыптанышын белгиледи. Ошондой эле, ал өлкөлөр ортосундагы интеграциялык процесстердин чыңдалышын, каржы агымдарын кайра бөлүштүрүүнү да көз жаздымда калтырган жок. Президенттин айтымында, учурдагы чакырыктар жана өзгөрүүлөр Казакстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Бул жагынан Астана эл аралык каржы борборунун ролу маанилүү.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Салыштырмалуу айтсак, кыска убакыттын ичинде АЭКБ олуттуу натыйжаларга жетишти. Инвестицияларды тартуу үчүн абдан ыңгайлуу шарт түзүлдү. Анын региондо теңдеши жок. Инвесторлорго жеңилдетилген салык, виза жана иштөө шарттары сунушталды. Ар бир инвесторду жекече жана ар тараптуу колдоонун принциптери киргизилди. Адилеттүү жана калыс сот системасы түзүлдү. Жаңы санариптик чечимдердин аркасында IPOго катышуу Казакстандын бардык тургундары үчүн жеткиликтүү болуп калды.
Мамлекет башчы борбордун аймактагы ийгиликтүү каржылык хаб макамын бекемдөө милдети турганына көңүл бурду. Бул өзгөчө инвестиция тартууга байланыштуу.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Борбор азыркы тапта АКШ, Европа, Улуу Британия, Азия жана Жакынкы Чыгыштагы бир катар өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкты орнотту. Биз Бириккен Араб Эмираттарынын жана Сауд Аравиянын ири компаниялары менен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү боюнча иштеп жатабыз. Мунун баары АЭКБнын инвестициялык дараметин жана Казакстандын экономикасын олуттуу түрдө чыңдоого мүмкүндүк берет. Деген менен Борбордук Өкмөт жана улуттук институттар менен кызматташууну активдештирип, ченемдик-укуктук базаны жакшыртууну улантуу зарыл.
Президент жаратылыш кырсыктарынын кесепеттери менен күрөшүү үчүн мамлекеттик камсыздандыруу фондун түзүү боюнча тапшырма берди. Мындай каржы механизмдери өзгөчө кырдаалдар менен күрөшүүгө жардам берет. Өкмөт аны түзүү жана иликтөө маселесин каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттиги ошондой эле Астана эл аралык каржы борбору биргеликте алектенет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков