Борбор калаада креативдүү индустрияны өнүктүрүү

Борбор калаанын «Ozge Epic» чыгармачылык борборунда уникалдуу этно-музей жана кол өнөрчүлүк устаканасы иштей баштады. Бул жерде казактын салттуу искусствосун жана бай маданий мурасын сактап, улуттук баалуулуктарды жаңылоо максатында мастер-класстарды өткөрүү мерчемделген. Бул ишти колунан көөрү төгүлгөн Бейисбековдордун үй-бүлөсү колго алган. Өз ишинин чеберлери казак оюмунда көздүн жоосун алган уникалдуу буюмдарды жаратышат. Айымдар кийизди эски ыкмада колдонуп, заманбап ыкмада гобелен жасашат. Салттуу оймо-чиймелер менен элдик орнамент капталган килемдерди токуйт. Ал эми эркектер темир түйүндөрдү байлап, жыгач менен терисин терең иштетишет. Чоң ата бизнес ачып, ат жабдыктарын, декоративдик жана прикладдык үй буюмдарын жасап чыгарат. Берик Бейисбеков атадан балага өтүп келе жаткан эл мурасын бүгүнкү күндүн жыргалчылыгы үчүн жарата билүү башкы максатыбыз дейт.

Берик Бейисбеков, сүрөтчүлөр жана кол өнөр чеберлери союзунун мүчөсү:

- Бул жерде казак өнөрүн көрсөтүп, үйрөнгүсү келгендер үчүн мастер-класстар өтүп жатат. Келип өзүң тандаган багыт боюнча окуп-үйрөнүп иштесең болот. Бул жерде кийизден жасалган түрдүү буюмдар чыгарылат. Мисалы, баш кийимдер, жибек кездемеден моюн орогуч, бут кийим, кичинекей балдар үчүн байпак, жилет тигүү боюнча мастер-класстар өтүүдө. Булгаарыдан камчы, заманбап билериктерди, капчыктарды жасаганды үйрөнүүгө болот. Ошондой эле килем токуу боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

Уюштуруучулардын айтымында, чет элдиктердин көбү казак элинин тамыры терең салттуу үрп-адаттары менен таанышууга кызыкдар. Аларды негизинен чеберкана жумуштары кызыктырат көрүнөт. Бул жерде өз мамлекеттерине эстеликке алып кетүүгө ар кандай азем белектерди кезиктирүүгө болот. Тумар, чүкө, зергер, кийизден жасалган буюмдардын кеңири тандоосу бар. Жалпысынан этно хабдын мейкиндигинде 6 тематикалык зал жайгашкан. Алардын бири адабий-музыкалык кечелер, презентациялар сыяктуу тарбиялык жыйындарды уюштурууга арналган. Мындан тышкары, ата мекендик кылкалем чеберлеринин уникалдуу эмгектеринин көргөзмөсү өтө турган арт галерея, театр аянтчасы, китепкана жана заманбап смарт залдар бар.

Малика Мырза, Астана шаары «OZGE EPIC» креативдүү калкынын долбоор менеджери:

- Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин чыгармачыл тармакты өнүктүрүү боюнча тапшырмасына ылайык, өзгөчө мамлекеттик тил – казак тилибиз креативдүү индустриянын кыймылдаткыч күчү болушу керек деген тапшырмасына ылайык азыркы учурда Астана шаарында «Ozge Epic»  креативдүү хабы иштеп жатат. Анын максаты – атаандаштыкка жөндөмдүү заманбап казак искусствосун өнүктүрүү жана өнөрдүн түрдүү тармагында алектенип жүргөн таланттуу жаштарды колдоо жана насаатчылык кылуу.

Белгилей кетсек, мындай чыгармачылык борборлор Алматы жана Түркестан шаарларында да ачылган. Жакынкы келечекте чыгармачылык мейкиндик республиканын батышындагы Орал шаарында ишке кирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков