Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрү, АКШ менен Бириккен Араб
Эмираттары. Бул казакстандык өнүмдөр жеткирилген өлкөлөрдүн толук тизмеси эмес.
Мисалы, учурда Шымкентте тигилген улуттук кийимдер Кытайда суроо-талапка ээ. Тигүүчү
Гүлмира Бакированын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөнүн булуң-бурчунан салттуу
көйнөк менен баш кийимдерге буйрутмалар түшүп жатат.
Гүлмира Бакирова, Ишкер:
- Буйрутмаларды алып, чет өлкөгө жөнөтөбүз. Анын ичинде
Германиянын казактарына көйнөктөрүбүз кетти. А түгүл АКШда жашаган казактардын
кыз узатуу тойлоруна көйнөктөрүбүздү сунуштайбыз, анын ичинде Кытайга дагы.
Шымкентте өндүрүлгөн бул нано кыштар
коңшу Өзбекстанга да сатылат. Нурымжан Шойбеков колго алган бизнес идея кыска
убакыттын ичинде чоң киреше алып келерине ишенет. Арболит кыштары газ
блокторунан кем калышпайт. Ал бышык, суук жана ысык күндөрү бирдей
температураны кармап турууга жөндөмдүү.
Нурымжан Шойбеков, Ишкер:
- Мен бул өнүмдү Алматы, Өскемен жана Аягөз шаарларына
чыгарып жатам. Кызылорда, Тараз шаары, Жамбыл облусу да бар.
Ошондой эле, шаарда чыны жана текстиль буюмдары, түрдүү курулуш материалдары, автоунаа тетиктери чыгарылат. Шымкенттеги ушул жана башка долбоорлордун көбү мамлекеттин колдоосу менен жүзөгө ашып келет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков