Президент Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

Президент Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

Бүгүн Ислам дүйнөсү үчүн он эки айдын султаны деп эсептелген ыйык Рамазан айы башталды. Мамлекет башчысы казакстандыктарды мусулмандар үчүн  берекелүү ай менен куттуктап, орозонун эл үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп өттү. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, орозо күнү коомдо ыйман, чынчылдык, боорукердик сыяктуу баалуулуктар биринчи орунга чыгат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Бүткүл мусулман коомчулугунун ынтымагы күчөп, бир туугандыгы айкын көрүнө турган мезгил. Орозо айы руханий жактан тазаланууга, муктаждарга жардам берүүгө жана кайрымдуулукка үндөйт. Бул аркылуу бүткүл адамзаттын береке-биримдигин чыңдоого өбөлгө түзөт. Дин менен каада-салтты бекем карманган өлкө туруктуулукту, тынчтыкты сактап, ар кандай кыйынчылыктардан мүдүрүлбөй өтө алат. Казакстан эли ар дайым руханий ынтымакта жашап, келечекке бекем кадам шилтейт деп ишенем. Орозо кабыл болсун!

Сабырдуулук, кайрымдуулук, мээримдүүлүк, бир туугандык сыяктуу адамдык асыл сапаттар артып, ыйман бекемделе турган Орозо айы Ислам жылнаамасына ылайык 30 күнгө созулат. Ал эми чын куран айынын 5нен 6сына караган түн – касиеттүү Кадыр түн болот. Чын куран айынын 10 – Орозо айт майрамы. Битир-садага 640 теңге болуп бекитилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков