Эгемендүүлүк тууралуу декларация: Казакстандын эл аралык дипломатияга карата жолу

Эгемендүүлүк тууралуу декларация: Казакстандын эл аралык дипломатияга карата жолу

Жаш мамлекеттен таасирдүү орто державага –өлкөнүн отуз жылдан ашык убакыттагы жолу ушундай. Казакстан тогуздун айынын 25де көз карандысыздыкка карай жолдун биринчи кадамы болгон эң маанилүү документтин кабыл алынганынын 35 жылдыгын белгилейт. Мамлекеттик эгемендүүлүк жөнүндө декларация республиканын жаратылыш ресурстарын өз алдынча тескөө, ички жана тышкы саясатын аныктоо укугун биринчи жолу бекиткен. Депутаттардын пикиринде, дал ушул документке киргизилген принциптердин аркасында Казакстан бүгүнкү күндө эл аралык мамилелердин ишенимдүү жана абройлуу катышуучусу деп аталат. Көп векторлуу дипломатиянын пайдубалын түптөгөн өлкө, сүйлөшүүлөр үчүн аянтча болуп чыккан мамлекет, тынчтык орнотуу жана башка демилгелердин демилгечиси, аймактык коопсуздук, климат, санариптештирүү жана туруктуу өнүгүү маселелерин активдүү жана глобалдуу түрдө алдыга жылдырган республика.

Сергей Пономарёв, Парламент мажилисинин депутаты:

- Эгемендүүлүк жөнүндө декларация абдан маанилүү. Менимче, дал ушул жана башка бир катар документтер Казакстанды тең укуктуу кылды, аны таанышты. Бул дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү, анын үстүнө аймакта гана эмес, бүткүл дүйнөдө абдан активдүү.

Каракат Абден, Парламент мажилисинин депутаты:

- Бүгүн бизди өзүнүн пикири бар, дүйнөлүк аренада өзүнүн кадыр-баркы бар күчтүү мамлекет катары кабыл алышат. Бул үчүн бир топ жылдар талап кылынды, дал ушул 35 жыл мамлекеттүүлүктүн калыптануу мезгили болду. Декларациянын аркасында биз өзүбүздү суверендүү мамлекет катары көрсөтөбүз жана биздин пикирибиз маанилүү, аны менен эсептешет, биздин көз карандысыз үнүибүз бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков