Казакстанда Нооруз майрамын белгилөө жаңы форматта башталды. Өлкөдө Ноорузду майрамдоонун маанисин кеңейтүү үчүн ушундай чечим кабыл алынды. Түрк элдеринин жаңы жылы катары калыптанган бул майрамды белгилөө 10 күнгө созулат. Демилгеге биринчилерден болуп Астанадагы жогорку окуу жайлар колдоо билдиришти. Маселен, Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде салтанаттуу иш-чаралар башталды. Окуу жайдын студенттеринен баштап, кызматкерлери, профессорлору жана жетекчилиги улуттук кийим менен келишүүдө. Салттуу, улуттук оймо-чиймелер менен кооздолгон чапандар жана такыялар, ошондой эле, күрмө байыртан келе жаткан майрамдын атмосферасына бөлөөдө. Чогулган эл үчүн казак акындарынын атактуу чыгармалары менен күүчүлөрдүн уламышка айланган чыгармалары ырдалды. Окуу жайдын жетекчилигинин айтымында, Ноорузнаама - улуттук өзгөчөлүктү сактап, чыңдоо менен жаркын келечекке бекем кадам таштоонун алдыңкы шарттарынын бири.
Жанна Курмангалиева, Л. Н. Гумилёв атындагы ЕУУ коммерциялаштыруу жана интернационалдаштыруу боюнча проректору:
— Быйылкы жылы жасалган чоң кадам – мамлекет башчысынын Ноорузду 10 күн бою 14нөн 23нө чейин белгилөө чечими болду деп эсептейм. Улуттук кийим күнү, улуттук спорт күнү жана тазалык күнү сыяктуу абдан маанилүү күндөргө бөлүндү. Мисалы, тазалык күнү массалык түрдө көчөттөрдү отургузабыз. Менин оюмча, бул казактын илгертен келе жаткан салтында Нооруздун ар бир күнүнүн өзүнчө терең мааниси бар. Азыр да бул майрам өлкөбүздүн, элибиздин биримдигин сактоо үчүн өзгөчө мааниге ээ.
Которгон: Илгиз Жамалбеков