Санарип теңгени кеңири ишке киргизүү 2027-жылга пландаштырылган

Санарип теңгени кеңири ишке киргизүү 2027-жылга пландаштырылган

Казакстанда санариптик теңгени масштабдуу түрдө ишке киргизүү 2027-жылга пландаштырылган. Бул тууралуу өкмөттө улуттук санариптик валюта аркылуу акчаны белгилөө жана көзөмөлдөө боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеңешмеде билдиришти. Жалпысынан бүгүнкү күндө 257,5 млрд теңге жүгүртүүгө чыгарылды. Алар ондон ашык багыт боюнча сыноодон өткөрүлдү. Бул курал менен автомобиль жолдорун, темир жолдорду жана газ түтүктөрүн куруу үчүн эсептешүүлөр жүргүзүлөт. Белгилөө мамлекеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышын натыйжалуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Санариптик теңгени колдонуу кошумча нарк салыгын санариптик түрдө кайтаруу мөөнөтүн 75 күндөн 5 жумушчу күнгө чейин кыскартты. Системаны колдонуу кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдө, товарларды сатып алууда, АӨК мамлекеттик насыялоодо да иштелип чыгууда. «Төлөмдөр жана төлөм системалары жөнүндө» мыйзамга да түзөтүүлөр даярдалды. Премьер-министр Олжас Бектенов жакынкы аралыкта Улуттук фонддон жана бюджеттен каржыланган жүздөн кем эмес ири долбоорду «санариптик теңге» форматына өткөрүүнү тапшырды.

Бинур Жаленов, Улуттук банктын төрагасынын кеңешчиси - санариптик трансформация боюнча жетекчиси:

- Биз бул технологияны мамлекеттик ар кандай чыгымдардын көп түрүнө кантип жайылтууну талкууладык. Алардын ичинде инфраструктуралык, социалдык, өнөр жай объекттерин куруу бар. Бул механизмди бизнести жана калкты мамлекеттик колдоо чаралары, субсидиялар жана башкалар үчүн колдонуу. Кеп мамлекеттик конкреттүү маселелерди чечүүгө жумшалышы керек болгон акчалар дал ошол жакка кетиши керек дегенде. Бизнес жана жарандар үчүн ыңгайлуулук жагынан алганда, биз муну банктык сырга, купуялуулукка же ыңгайлуу пайдаланууга таасир этпегендей кылып куруп жатабыз. Санариптик теңге жалпысынан 2023-жылдан бери киргизилип, бүгүнкү күндө биз пилоттук форматтабыз. Азыр биз санариптик теңгени мамлекеттик чыгымдардын ар кандай түрлөрүндө колдонууну активдештирдик.

Которгон: Назира Бегалиева