Казакстандык колледж студенттерине алмашуу программасы боюнча Германияда окууга мүмкүнчүлүк берилет. Өлкөнүн Окуу-агартуу министрлигинен билдиришкендей, Германиянын “Келечек үчүн кесипкөй кадрларды өнүктүрүү жана даярдоо” ассоциациясы менен келишим түзүлдү. Тараптар Казакстанда техникалык жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды уюштурууну мерчемдеп жатат. Казакстандык студенттерге Германиянын 60 миң өндүрүш ишканаларынын каалаганында такшалмадан өтүүгө мүмкүндүк берген дуалдык билим берүү программасына өзгөчө көңүл бурулууда. Программага мамлекеттик эле эмес, республиканын жеке менчик колледждеринин студенттери да катыша алат. Натыйжада, жаш казакстандыктар окуу учурунда кесиптик чеберчиликке ээ болуп, өздөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулата алат.
Асель Муханбетова, Окуу-агартуу министрлигинин департамент мүдүрү:
– Азыркы убакытта Тюренгий шаарындагы колледждер менен кызматташуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Алардын билим берүү моделин изилдеп, биздин академиялык мобилдүүлүгүбүздөн пайдалангандан кийин, алмашуу программасына мектеп бүтүрүүчүлөрү менен катар, мамлекеттик эмес жеке менчик колледждеринин студенттери да катыша алат. Ошондой эле, колледждердин мугалимдери үчүн окуу семинарларын өткөрүүнү пландап жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков