К.Токаев: Прогрессивдүү улут катары биз алдыга гана умтулушубуз керек!

Казакстандыктар заман агымынан артта калбашы керек – өлкөдөгү прогресс ар бир тармакка таасирин тийгизиши зарыл. Ал эми билимдин күчү, чыгармачыл ой жүгүртүү алдыңкы планда болууга тийиш. Мындан тышкары, өлкөнү артка тарткан нерселердин баарынан арылуу маанилүү. Бул шарттардын аткарылышы казакстандыктарга санариптештирүү жана ааламдашуу доорунда ийгилик толкунунда болууга мүмкүндүк берет. Казак лидеринин «Egemen Qazaqstan» гезитине берген маегинин маңызы казак окумуштууларынын көңүлүн дароо бурду. Евразия улуттук университетинин проректорунун айтымында, Мамлекет башчысы айтып жаткан улутту сапаттуу көтөрүү үчүн илимди колдоого, ошондой эле, ЖОЖдорду модернизациялоого басым жасоо зарыл. Билим, илим жана өндүрүш тамырлаш болушу керек. Бул принципти 2022-жылы изилдөө университети макамына ээ болгон ЕУУ карманат. Ал эми аны каржылоо жана университеттин илимий долбоорлорунун саны бир топ көбөйдү. Өткөн жылы ЕУУнун 30дан ашуун окутуучусу “изилдөөчү-окумуштуу” даражасына ээ болуп, дагы ошончо адам абройлуу чет элдик университеттерде такшалмадан өтүштү. Университет жетишкендиктери бүткүл дүйнөгө таанылган 80 жаш изилдөөчү менен толукталды.


Жанна Курмангалиева, Л.Н. Гумилёв атындагы ЕУУнун илим, коммерциалаштыруу жана интернационалаштыруу проректору:

- Бул лабораторияга дүйнөнүн бардык бурчунан, тагыраак айтканда, беш континенттин изилдөөчүлөрү келишкен. Ядролук физика боюнча ЕУУнун окумуштуулары дүйнөдөгү өзүнүн фундаменталдык изилдөөлөрү жана чоң жетишкендиктери бар окумуштуулардын белгилүү бир пайызын ээлейт. Алардын илимий макалаларын бүткүл
дүйнө колдонуп, окуйт. Бул лаборатория биз тараптан аккредитациядан өткөн. Ошондой эле, бизде EНУ LAB бар, бул илимий-өндүрүштүк борбор, анын базасында беш лаборатория да аккредитацияланган. Алар дүйнөлүк деңгээлдеги заманбап технологиялар менен жабдылган.