Казакстан AI-технологияларды активдүү киргизип жатат.
Муну изилдөөлөр жана эл аралык рейтингтер тастыктайт. Казакстан жасалма
интеллектти колдонуу деңгээли жогору болгон алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирди.
Өлкө Борбор Азияда алдыңкы орунда турат. OpenAI серепчилик баяндамасына ылайык, ChatGPT колдонуу боюнча Кыргызстан
52-чи, ал эми Өзбекстан - 58-чи орунда. Серепчилердин айтымында, изилдөө
жыйынтыктары казакстандыктардын алдыңкы AI куралдарын жигердүү колдоно турганын
тастыктайт. Мекен жарандары практикалык нускамаларды суроо, текст жазуу жана
редакциялоо, ошондой эле маалымат издөө үчүн нейрон тармактарын көп колдонушат.
Республикада аталган тиркемени колдонуучулардын
басымдуу бөлүгү он сегизден отуз төрт жашка чейинки курактагылар. Ал
эми эркектер менен аялдар арасында AI колдонуу деңгээли тең.
Алматы дагы бир дүйнөлүк рейтингте эң тез өнүгүп жаткан технологиялык экосистемалардын алдыңкы ондугуна кирди. Бул тууралуу Казакстандын Премьер-министринин орун басары, жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиев билдирди. Dealroom.co отчетунун маалыматы боюнча, казак мегаполиси Абу-Даби, Кытай шаарлары жана Загребди артка калтырып, «Жаңы жылдыздар» категориясында 9-орунду ээледи. Dealroom.co – бул дүйнөлүк платформа, ал дүйнө жүзү боюнча стартаптар, венчурдук капитал, технологиялык рыноктор тууралуу маалыматтарды топтогон, банктарга жана инвестициялык фонддорго сунуштайт. Белгилей кетсек, бул рейтингде 77 өлкөнүн 325 шаарынын технологиялык экосистемасы талданган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

