Казакстандагы эң узун көпүрө жана өлкөдөгү эң ири жол инфраструктуралык долбоорлордун бири ишке кирүүгө даярдалууда. Бул тууралуу өлкө президентинин кеңешчиси жана басма сөз катчысы Берик Уали социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Эскерте кетсек, көпүрө өлкөнүн чыгышында курулуп жатат. Ал Бухтарма суу сактагычынын эки жээгин эле эмес, эки облусту – Чыгыш Казакстан менен Абайды бириктирип турат. Бул мурда бир нече саатта өтүүгө туура келген аралыкты бир нече мүнөттүн ичинде басып өтүүгө болот дегенди билдирет. Мамлекет башчынын демилгесинин жана өлкө өкмөтүнүн колдоосунун аркасында мүмкүн болгон ишти чындыгында тарыхый окуя, дешет тургундар. Экономисттердин пикири боюнча, инженердик структура мүмкүн болушунча көп мультипликатордук эффект берет. Бул биринчи кезекте аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таандык.
Ляззат Стамгазиева, Транспорт министрлигинин расмий өкүлү:
– 1316 метр. Эң узун көпүрө. 21 тирөөч, 20 аралыгы бар. Чоң жана жакшы көпүрө болот. Өтмөктүн ачылышы тогуздун айынын аягында, 20-25терине пландалууда. Толук ишке киргизүү ушул жылдын аягында күтүлүүдө. Мурда айтылгандай, эки облус байланышып турат: Чыгыш Казакстан облусу жана Абай. Башкача айтканда, бул дагы стратегиялык объект болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков