ШКУнун дүйнөдө мааниси өсүүдө

ШКУнун дүйнөдө мааниси өсүүдө

Шанхай кызматташтык уюмунун азыркы дүйнөдө мааниси өсүп жатат. Глобалдык жана аймактык коркунучтар анын макамын арттырды. Буга байланыштуу уюмга кирген өлкөлөр коопсуздукту камсыз кылуу жана стабилдүүлүктү сактоо максатында бул курч маселелердин чечилишин жана байланыштарды чыңдоого аракет кылууда. Саясат таануучу Ескендир Акылбаевдин айтымында, Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылган Казакстан да бул ишке басым жасады. Алардын арасында кибер кылмыштуулукка, баңги аткезчилигине жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү жолго койду. Ошентип, Ооганстанды колдоонун жана анын региондук экономикага интеграцияланышынын мааниси жогорулады. Казакстан болсо ооган элине жардам көрсөтүү боюнча эл аралык демилгелерди бириктирүү боюнча чоң иштерди жасап жатат.

Ескендир Акылбаев, саясат таануучу:

– Ооганстандагы каатчылык  баарыбыз үчүн жалпы көйгөй. Ал түздөн-түз Казакстанга эмес, Индия, Кытай, Пакистан жана Иранга да таасирин тийгизет. Менин оюмча Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалык кылуунун алкагында сунушталган “Адилеттүү дүйнө жана гармония үчүн дүйнөлүк биримдик” демилгеси менен Астана декларациясы -  негизги аспектилердин бири. Эл аралык аренада күчтүү оюнчу катары өлкөбүз бардык тараптарга көп тараптуу жана конструктивдүү диалогду сунуштап, аймактык жана эл аралык деңгээлдеги актуалдуу көйгөйлөргө чечим табууга аракет кылып келет. Ушундай маанилүү жагдайлардын бири - сепаратизмге, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча өнөктөштүк программасы. Мындан тышкары Шанхай Кызматташтык Уюмунун маңзатка каршы стратегиясы да абдан маанилүү. Ал 2025-жылдан 2029-жылга чейин ишке ашырылат. Албетте, бул караңгылыктан бүт коом жапа чегип жатат, бирок өзгөчө жаш муунга коркунучу жогору.

Которгон: Илгиз Жамалбеков