2024-жылы Казакстандын ички дүң өнүмүнүн өсүшү 5,3%ды түзөт. Ал эми 2026-2028-жылдары анын көрсөткүчү 6%га жетет. Улуттук экономика министри өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү болжолун Сенатта сунуштады. Алибек Куантыровдун айтымында, дээрлик бардык тармактарда оң динамика күтүлүүдө. Айрыкча мунай эмес тармак экономиканын негизги кыймылдаткыч күчүнө айланат. Алсак, өнөр жайда орточо жылдык өсүш темпи 2024-2028-жылдары 4%ды түзсө, кайра иштетүү тармагында 5%га жакын. Ошондой эле, өлкөдө орточо мунай өндүрүү жылына 100 миллион тоннадан ашат деп күтүлүүдө. Мындан тышкары, министрликтин маалыматында айыл чарба, курулуш, кызмат көрсөтүү, соода, транспорт, маалымат жана байланыш сыяктуу тармактардын өсүшү тездейт.
Алибек Куантыров,
Улуттук экономика министри:
- Экспорттун көлөмү
2024-жылы 83,1 миллиард доллардан 2028-жылы 94,8 миллиард долларга чейин
көбөйөт. Ал эми импорт 60,7ден 65,6
миллиард долларга чейин өсөт. Жалпысынан мамлекет башчысынын тапшырмалары жана
парламенттин депутаттарынын демилгелери Өкмөт тарабынан кабыл алынган
республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин киреше базасын толуктоо боюнча
чаралардын эсебинен ишке ашырылат. Бул жаатта, 2024-жылы республикалык
бюджеттин кирешеси 16,1 триллион теңге же жалпы ички өнүмгө байланыштуу 11,9%
түзөт деп болжолдонууда. Үстүбүздөгү жылды баалоо менен салыштырганда 2,7
триллион теңгеге кеп. Пландаштырылган мезгилде алар 2026-жылга карата 18,4
триллион теңгеге же 14,1%га чейин өсүшү күтүлүүдө.
Сенат 2024-2026-жылдарга арналган бюджет долбоорун Мажилиске кайтарды
Каржы министри Ерулан Жамаубаев Сенат депутаттарына «2024-2026-жылдарга арналган республикалык бюджет жөнүндө» мыйзам долбоорун тааныштырып, анын параметрлерин түзүү боюнча түшүндүрмө берди.
Ерулан Жамаубаев,
Каржы министри:
- 2024-жылга карата
киреше 20,4 триллион теңге деңгээлинде болжолдонууда. Трансферттерди эсепке
албаганда, кирешелер 16,1 триллион теңге же кирешелердин жалпы суммасынын 80%
түзөт. Келерки жылы Улуттук фонддон 3,6 триллион тенге көлөмүндө трансферт
тартуу мерчемделүүдө. Жалпысынан
2024-жылы бюджеттин чыгашасы быйылкы жылга салыштырмалуу 1,5 триллион теңгеге
көбөйүп, болжол менен 24 триллион теңгени түзөт.
Мында аймактарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 7 триллион теңгеден ашык, башкача айтканда, бюджеттик чыгашалардын жалпы көлөмүнүн 30%га жакыны каралган. Экономиканын реалдуу тармагын өнүктүрүүгө 3 триллион теңге багытталып, анын бир бөлүгү ишкердикти колдоого жумшалат. Ерулан Жамаубаевдин маалыматын уккан сенаторлор 2024-жылга чыгашаларды 119 жарым миллиард теңгеге көбөйтүү зарыл экенинин билдиришти. Соңунда депутаттар ушул жана башка толуктоолор менен мыйзам долбоорун кайрадан Мажилистин кароосуна жөнөттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков