Президент Лю Цзяньчаону кабыл алды

Президент Лю Цзяньчаону кабыл алды

Казак-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгү жогору карай өнүгүүдө. Транспорт жана логистика, энергетика жана жасалма интеллектти өнүктүрүү чөйрөлөрүндө товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң потенциал. Бул тууралуу бүгүн Кытай Компартиясынын Борбордук комитетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Лю Цзяньчао менен жолугушууда мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев билдирди. Президент кулжа  айында КЭР төрагасынын Астанага «Борбор Азия – Кытай» экинчи саммитине катышуу сапары учурунда өлкөлөр ортосунда стратегиялык кызматташтыктын жаңы горизонттору белгиленерин баса белгиледи. Өз кезегинде Лю Цзяньчао белгилегендей, Пекин Казакстанды стратегиялык маанилүү позициядан карайт жана казак-кытай түбөлүк ар тараптуу өнөктөштүгүн тереңдетүүгө артыкчылыктуу маани берет. Жолугушууда соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну бекемдөө жолдору каралды.

Которгон: Сезим Шейшеналиева