Астана
эл аралык форуму алкагында Касым-Жомарт
Токаев Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Аль Мазруи менен
жолугушту. Тараптар жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун
конкреттүү жолдорун, анын ичинде эки тараптуу соода жүгүртүүнү 1 миллиард
долларга жеткирүү демилгесин талкуулашты. Министрдин айтымында,
Эмираттар Абу-Дабинин мураскеринин
Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында кол коюлган
келишимдерди жигердүү
ишке ашырууну баштады.
Президент
Касым-Жомарт Токаев БУУнун миграция
агенттигинин башкы мүдүрү
Эми Поуп
менен да жолугушту. Мамлекет башчысы бул багытта өлкөдө активдүү иш жүрүп
жатканын айтты. Эми Поуп
Казакстандын 2025-2027-жылдары Алматы процессине төрагалык кылуусунун
маанилүүлүгүн белгиледи. Бул актуалдуу көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун биргелешип
издөө аракеттерин координациялоо аянтчасы
болуп саналат.
Президент
глобалдык жашыл өнүгүү институтунун төрагасы, БУУнун сегизинчи Башкы катчысы Пан Ги Мун
менен жолугушууда аталган институтка өлкөнүн көмүртек бейтараптуулук
стратегиясын иштеп чыгууда жана Арал деңизин экологиялык калыбына келтирүү
программасына катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Пан Ги Мун Казакстандын
туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча аракеттерин колдой турганын
белгиледи.
Президент БУУнун жогорку даражалуу өкүлдөрү менен
жолугушуу өткөрдү. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Астанадагы эл аралык
форумга уюмдун кадыр-барктуу өкүлдөрүнүн катышуусу көп кырдуу жана
конструктивдүү диалог баарына мүнөздүү экенин көрсөтүп турат. Уюм өзүнүн
универсалдуу жана альтернативасыз мүнөзүн сактап, тынчтыкты, коопсуздукту жана
өнүгүүнү камсыз кылууда уникалдуу уюм бойдон кала берерине ишенимин билдирди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

