К. Токаев Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

К. Токаев Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан менен Түркия эки өлкөнүн ортосундагы кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүүдө билдиришти. Муну менен катар тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты. Мындан тышкары, эл аралык жана аймактын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди карап чыкты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары үстүбүздөгү жылдын жетинин айында Астанада өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун 10-саммитине даярдыктын жүрүшү тууралуу пикир алмашты. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, бул жолугушуу түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков