Казакстан
турак жай имараттарынын көмүртек изин азайтууга ниеттенүүдө. Бул максатта өлкө
эл аралык агенттиктер менен кызматташууну күчөтүүдө. Анын өнөктөштөрүнүн
арасында Германиянын энергетика агенттиги (DENA) бар. Анын адистери буга чейин
изилдөө жүргүзүп, өлкөнүн турак жай секторунда энергиянын натыйжалуулугун
жогорулатуу үчүн олуттуу дарамети
бар экенин белгилешкен. Буга заманбап технологиялар жана жылуулук изоляциялоочу
материалдар аркылуу жетишүүгө болот. Бул Астанада өткөн эл аралык энергияны
үнөмдөө форумунда талкууланды. Адистердин айтымында, акыркы он жылда
Казакстандын ИДӨнүн
энергия сыйымдуулугу төрттөн бирге азайып, ата мекендик компаниялар энергияны
үнөмдөөчү технологияларга болжол менен 500 миллиард теңге инвестиция салышкан.
Азыр көңүл турак жай жана административдик имараттардын энергиянын
натыйжалуулугун жогорулатууга бурулууда.
Елдос Абаканов, Электр энергиясы
жана энергияны үнөмдөөнү өнүктүрүү институтунун башкарма төрагасы:
- Имараттар акыркы энергия
керектөөнүн болжол менен 47% түзөт. Форумда биз эки сессия уюштурдук, анда эл
аралык серепчилер,
анын ичинде Германиядан келген талдоочулар тажрыйбалары менен бөлүшүшөт, алар мындай имараттардын
энергия натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берген ири масштабдуу оңдоо
программасын - эски турак жай фондун жаңылоону - ишке ашырышкан.
Елена Мецкер, Германиянын Энергетикалык
DENA
агенттигинин борбор азия, түркия жана түштүк кавказ боюнча долбоор менеджери:
- Бир
нече жыл мурун, Казакстан Республикасынын Курулуш министрлиги менен биргеликте,
биз энергияны үнөмдөө чаралары боюнча башкы планды иштеп чыкканбыз, ага беш
башка тармак боюнча 100дөн ашык конкреттүү энергияны үнөмдөө чаралары кирген. Бул чаралар белгилүү бир
убакыт аралыгында бөлүштүрүлгөн жана, албетте, мамлекет тарабынан белгилүү бир
колдоо механизмдери бар. Биздин көз карашыбызда, энергияны үнөмдөөнүн
жогорулашын ушул комплекстүү мамиле гана камсыздай алат.
Адистердин
айтымында, энергияны үнөмдөө маданиятын өнүктүрүү жана курулушта энергияны
үнөмдөөчү чечимдерди ишке ашыруу Казакстандын туруктуу экономикалык өсүшүнүн
негизги факторлору болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

