ШКУнун Астана-2024 саммити

Бул жолугушуу эл аралык зор кадыр-баркка ээ болгон уюмдун толук ондук курам менен тарыхта калат. 16 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле бир катар эл аралык уюмдар борборго атайын келип, дүйнөлүк коомчулукту тынчсыздандырган актуалдуу маселелерди талкуулашты. Жыйында  сүйлөгөн сөзүндө Касым-Жомарт Токаев ШКУ бүгүнкү күндө дүйнөнүн көңүлүн бурган таасирдүү чөйрөгө жана эл аралык мамилелер системасынын маанилүү механизмине айланганын айтты.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

-ШКУнун аймагында үч миллиарддан ашык адам жашайт. Уюмга экономикасы абдан чоң жана тез өнүгүп келе жаткан өлкөлөр кирет. Дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн үчтөн бири ушул өлкөлөргө таандык. Бул биздин Уюмдун эбегейсиз зор дараметин жана глобалдуу ролун ачык көрсөтүп турат. Шанхай Кызматташтык Уюму өзүн мүчө мамлекеттердин үнү жана кызыкчылыктары бирдей эске алынган уникалдуу аянтча катары көрсөттү. Ушундай бекем демократияга негизделген биздин узак мөөнөттүү кызматташтыгыбыз жаңы мазмунга толот деп ишенем.

Казакстан ШКУга төрагалык кылган мезгилде Казакстан өзүнө жүктөлгөн максаттарды жана милдеттерди толук аткарды. Буга уюмдун мүчөлөрүнүн жана байкоочу өлкөлөрдүн, абройлуу эл аралык структуранын өкүлдөрүнүн пикири дал келет. Муну Касым-Жомарт Токаев да баса белгилеп өттү. Уюмга төрагалык кылган мезгилде ар кандай деңгээлдеги 150гө жакын иш-чаралар, анын ичинде санариптик өнүгүү, туризм, энергетика, бизнес, ШКУнун жаштар кеңеши боюнча форумдар өткөрүлдү. Уюмдун келишимдик базасы 60 жаңы документ менен толукталып, өнөктөштөрдүн саны бир топ артты.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

-«ШКУ форматын» жагымдуураак кылуу үчүн бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырыла баштады. Алардын арасында «ШКУ өлкөлөрүнүн ыйык жерлери» долбоору жана «ШКУнун Жибек жолу» биринчи эл аралык музыкалык фестивалы бар. Ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 10 туристтик аймак аныкталган. Алматы ШКУнун маданий жана туристтик борборуна айланды»- деди мамлекет башчысы.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Астана декларациясы кабыл алынды.  Ошондой эле, уюмдун ишин өнүктүрүү жана өз ара кызматташууну арттыруу максатында 25 документке кол коюлду

Которгон: Илгиз Жамалбеков