Казакстандын президенти Япониянын Премьер-министри Фумио Кишида менен телефон аркылуу сүйлөштү. Касым-Жомарт Токаев Япониядагы жер титирөөдөн кийин жапон элине тилектештик сөздөрүн айтып, мунун кесепети чоң болбойт деген үмүтүн билдирди. Өз кезегинде Фумио Кишида Казакстанга, анын ичинде "Борбордук Азия + Япония"диалогунун биринчи саммитине катышуу үчүн расмий сапарынын мөөнөтүн жылдыруу чечими аргасыз болгонун өкүнүү менен билдирди. Ошондой эле маектештер казак-япон мамилелерин өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков