Казакстандын Президенти бир катар мыйзамдарга кол койду

Казакстандын Президенти бир катар мыйзамдарга кол койду

Казакстан менен Кытай инвестицияларды кубаттоо жана өз ара коргоо боюнча макулдашышты. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимди ратификациялоо боюнча тиешелүү мыйзамга кол койду. Серепчилердин пикири боюнча, так жана түшүнүктүү укуктук базанын түзүлүшү жогорку технологиялык тармактарга жогорку сапаттагы инвестициялар үчүн күчтүү стимул болуп, өлкөнүн экспорттук дараметин чыңдоого өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө. Андан тышкары, Касым-Жомарт Токаев Казакстан менен Эл аралык валюта фондунун ортосундагы Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия үчүн аймактык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү борбору жаатында өз ара түшүнүшүү меморандумун ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Борбор аймактагы мамлекеттик кызматкерлердин макроэкономикалык талдоо, акча-насыя саясаты жана каржылык жөнгө салуу жаатындагы кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн иштелип чыккан. Ошондой эле алардын квалификациясын жогорулатууга багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков