Казакстан 2025-жылдан тарта БРИКСке өнөктөш мамлекет болот

Казакстан 2025-жылдан тарта БРИКСке өнөктөш мамлекет болот

Казакстан 2025-жылы БРИКСке өнөктөш мамлекет болот. Бул маалыматты өлкөнүн тышкы иштер министрлиги тастыктады. Казакстандык стратегиялык изилдөөлөр институту өнөктөштүк - бул бирикме ичиндеги мамилелердин жаңы форматы экенин, ошондуктан аны сыноодон өткөрүү керектигин белгиледи. Саясат таануучулар бул БРИКС өлкөлөрү менен көп вектордуу кызматташтыкты бекемдөөдөн кабар берет деп ишенишет. Белгилей кетсек, бул эл аралык топ - экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрүү, өнүгүп келе жаткан рыноктор арасында соода, инвестиция жана технологиялык алмашууну шыктандыруу максатында түзүлгөн. 

Санат Кушкумбаев, Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун башкы илимий кызматкери: 

- Бул Казакстандын «Орто держава» катары таанылышы. Башкача айтканда, олуттуу дараметке ээ жана дүйнөлүк державаларды кызыктырган өлкө. Алар биз үчүн маанилүү өнөктөштөр, ошондуктан биз өзүбүздүн экономикалык күн тартибибизди карап, ишке ашырууга аракет кылгыбыз келет. Бул биринчи кезекте ресурстук эмес экспортту, өндүрүштү, кайра иштетүүнү өнүктүрүү. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков