Быйыл Казакстанда 68 миллиард чарчы метрден ашык көгүлтүр
отун өндүрүлгөн. Өкмөттө тармакты өнүктүрүү маселелери каралды. 2026-жылдын үчтүн
айынын 1не карата өлдкөдө газ менен камсыздоо децгээли 64%-дан ашкан. Премьер-министр
аны 80% чейин жеткирүү керектигин белгиледи. Божомолго ылайык, 2030-жылга чейин Казакстанда
товардык газ өндүрүү 31 миллиард куб метрден ашат. Олжас Бектенов ресурстук
базаны өнүктүрүү үчүн жаңы дараметтүү участокторду геологиялык чалгындоо жана
заманбап чалгындоо технологияларын киргизүү зарылдыгын белгиледи. Буга
байланыштуу Бейнеу – Бозой – Шымкент газ түтүгүнүн экинчи линиясы, ошондой эле
жаңы Есил – Астана газ түтүгү аймактарды газ менен камсыздоонун сапатын
жакшыртып, өнөр жайдын өнүгүшүнө түрткү берет. Мындан тышкары, өкмөт башчы
газды эсепке алуу боюнча бирдиктүү санариптик платформа түзүүнү жана анын
көлөмүн бөлүштүрүүнүн ачык механизмин киргизүүнү тапшырды.
Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-Министри:
– Мамлекет тармактагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга олуттуу каражат бөлүп жатат. Бул багытта ата мекендик өндүрүүчүлөрдү кепилденген буйрутма менен камсыздоо маанилүү. Ошондуктан өнөр жай жана энергетика министрликтерине, «Самрук-Казына» фонду менен биргеликте, 1 айлык мөөнөттө казакстандык өндүрүүчүлөрдөн гана сатылып алына турган мунай-газ жабдууларынын номенклатурасын бекитүүнү тапшырам. Өлкөдө керектөөнүн туруктуу өсүшү шартында жеткиликтүү газ көлөмү биринчи кезекте калктын муктаждыктарына жана жогорку технологиялык өндүрүштөргө багытталышы керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

