Касым-Жомарт Токаев Түндүк Казакстан облусуна иш сапары менен барды

Касым-Жомарт Токаев Түндүк Казакстан облусуна иш сапары менен барды

Түндүк Казакстан облусуна иш сапары менен барган президент Касым-Жомарт Токаев дыйкандардын эмгегине оң баасын берди. Азыр облуста жазгы айдап-себүү иштери кызуу жүрүп жатат. План боюнча быйыл облуста 4,5 миллион гектар жерге эгин айдалат. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда социалдык маанидеги айыл чарба өсүмдүктөрүнө артыкчылык берилет. Маселен, акыркы жылдары облуста гречка айдоо 3 эсеге, жашылча аянты 1,5-2 эсеге көбөйгөн. Касым-Жомарт Токаев «Кызылжар-Сүт» дыйкан чарбасынын иши менен да таанышты. Президент Түндүк Казакстан облусунда мал чарба өнүмдөрүн өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Биз мындай өндүрүш долбоорлорун сөзсүз колдойбуз. Социалдык-ишкердик корпорациялар аркылуу жеңилдетилген насыялар өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Башкача айтканда, каржылоо жагынан эч кандай маселе болбошу керек. Сүт өндүрүүнү тийиштүү деңгээлде уюштуруу керек. Биз бүткүл өлкө боюнча өзүбүздү сүт азыктары менен камсыздай турган деңгээлге жетүүгө тийишбиз.

Мамлекет башчысы облустун айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөр менен жолугушууда ЕАЭБ ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча пикирин билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- ЕАЭБ биринчи кезекте 2015-жылдагы келишимде каралган милдеттерин аткарат деп ишенебиз. Жакында Беларусь Республикасынын Президенти Александр Григорьевич Лукашенко Казакстанга союздаш мамлекетке кошулууну сунуштады. Мен анын тамашасына баа бердим. Мунун кереги жок деп ойлойм. Анткени башка интеграциялык бирикмелер, анын ичинде биринчи кезекте Евразиялык экономикалык биримдик бар. Ал эми өзөктүк куралга келсек, бул курал бизге кереги жок. Анткени биз өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине жана ядролук сыноолорго тыюу салуу келишимине кошулганбыз. Биз бул эл аралык документтер боюнча өз милдеттенмелерибизге берилген бойдон кала беребиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков