Казакстандын Акмоло облусунда натыйжалуу "жашыл технологияларды" колдонуу менен курорттук аймактар пайда болушу мүмкүн. Мисалы, күн энергиясын, абадагы жылуулук курунун шаймандарын, ошондой эле био тазалоочу курулмаларды жана автономдуу суу булактарын колдонуу. Азырынча бул долбоорлор Сенатка сунушталды. Ал жерде палатанын туризмди өнүктүрүү боюнча коомдук долбоордук кеңсесинин кеңейтилген жыйыны өттү. Жолугушууда катышуучулар туристтик ндустрияны трансформациялоо үчүн жаңы ыкмаларды талкуулашты. Бул тармакты натыйжалуу өнүктүрүүгө жана тармакка кошумча инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет. Өзгөчө көңүл курорттук аймактардын жеткиликтүүлүгү, тактап айтканда, алардын транспорттук жана инженердик инфраструктурасынын абалына бурулду. Сенаттын спикери туризмде кайра жанма энергия булактарын пайдалануу боюнча долбоорлорду колдоо үчүн мыйзам деңгээлинде түзөтүүлөрдү иштеп чыгуу жана киргизүү зарыл экенин белгиледи. Ошону менен бирге, Маулен Ашимбаев тармакта алдыңкы тажрыйбаларды жана технологияларды колдонуу боюнча эл аралык практиканы үйрөнүү өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Маулен Ашимбаев,
Парламент Сенатынын төрагасы:
- Долбоордук кеңсенин алкагында жаңы инструменттерди, жаңы ыкмаларды колдонуу жана өзгөчө Казакстанда туризм тармагын өнүктүрүү үчүн инфраструктураны жакшыртуу боюнча бир катар сунуштар даярдалды. Буга байланыштуу долбоордук кеңсенин алкагында биздин көз карашыбызда абдан кызыктуу сунуш иштелип жатат. Бул бир жагынан жаратылышты коргоо аймактарында электр энергиясын камсыз кылуунун альтернативдүү булактарын өнүктүрүү, ошол эле учурда салыктардын ордуна инвестиция принцибинин негизинде дал ушундай инфраструктуралык чечимдерди ишке ашыруу болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

