Аймактык коопсуздукту, стабилдүүлүктү сактоо жана уюмдун эл аралык аброюн бекемдөө негизги багыт болуп саналат. Казакстан Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалык кылып турганда бул маселелердин үстүндө катуу иштеди. Жыл ичинде масштабдуу иштер аткарылды. Айрыкча өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтык жана маданий карым-катнаштар бир кыйла өнүктү. Мындан тышкары, «Үч зулумдук» – терроризмге, экстремизмге жана баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташуу жолго коюлду. Казакстан өз ишинде уюмдун дүйнөлүк аброюн көтөрүү. Ошондой эле уюмдун бардык өлкөлөрүнүн ортосундагы достук жана коңшулук мамилелерди чыңдоо маселелерин чечүүгө салым кошту. Мындан тышкары, өлкө башка ири эл аралык уюмдар жана түзүмдөр менен тыгыз кызматташууну түзүүгө көп аракеттерди жасады. Мындай демилге жай жерден көтөрүлгөн жок. Ал бир катар глобалдык климаттын өзгөрүшүн, энергетикалык коопсуздукту жана туруктуу өнүгүү көйгөйлөрүн чечүүгө багытталат.
Мурат Мукышев, ТИМ өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи, ШКУ боюнча улуттук координатор:
-Бир жылдын ичинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун БУУ жана анын тармактык түзүмдөрү. Мисалы, БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасы. Эл аралык кызматташтык жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы менен кызматташууга көмөктөшүп, тиешелүү иш-чараларды өткөрүүгө жетекчилик кылдык. Бул чараларды жыйынтыктап, Бириккен Улуттар Уюму менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө Башкы Ассамблеянын резолюциясы кабыл алынды. Мындан тышкары Шанхай кызматташтык уюму жана БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасы менен меморандум түзүлдү. Ошентип Шанхай кызматташтык уюму байланыш түзгөн эл аралык уюмдардын саны 16га жетти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков