Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрү менен өнөр жайды жана агроөнөр жай комплексин чыңдоого кызыкдар. Бул биргелешкен өз ара пайдалуу кооперативдик долбоорлорго жардам берет. Мындан тышкары, республика транспорттук-логистикалык кызматташтыкты чыңдоого жана Биримдик менен жалпы каржы рыногун түзүүгө умтулууда. Бул тууралуу Армениянын Цагкадзор шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйынында казак өкмөтүнүн башчысы Алихан Смаилов билдирди. Иш-чарага Армения, Беларусь, Кыргызстан жана Орусиянын өкмөт башчылары катышты. Тараптар экономикалык бирикменин аймагында интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Алихан Смаилов союздук мамлекеттердин элдери жана бизнес-коомчулугу биримдиктин пайдасын сезиши керектигин баса белгиледи. Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Казакстан ЕАЭБдин өнүгүшүн экономикалык прагматизм аркылуу көрөт. Республика өзүнүн Декларациясынын долбоорун даярдады. Документте бирикмени мындан ары өркүндөтүүнүн жолдору чагылдырылган.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
-Казакстан Республикасы экономикалык интеграцияны мындан ары өнүктүрүүгө олуттуу кызыкдар. Биздин бардык жарандарыбыз жана бизнесибиз мындай интеграциянын конкреттүү пайдасын сезиши керек. Мына ушундан улам Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Кемелевич Токаев үстүбүздөгү жылдын бугу айында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында ЕАЭБ мыйзамдарына ар тараптуу талдоо жүргүзүү зарылдыгын айткан. Ал биримдиктин жетишкендиктеринин негизги натыйжаларын чагылдырат. Ошондой эле интеграцияны андан ары өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды келтирет. Евразия экономикалык шериктештиги түзүлгөндөн бери Евразиялык экономикалык комиссияда иштөөгө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү зарыл. Биздин өлкөбүзгө пайда алып келүүгө бирдей мүмкүнчүлүктөр берилиши керек болгон евразиялык кесипкөйлөрдүн пулу калыптанды.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков